Өлкө боюнча 26 мектеп онлайн-окутууга өткөрүлдү

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

18 Январь 2022 ж. 19:51

Көрүлдү: 1431

2022-жылдын 18-январына карата алынган ыкчам маалыматка ылайык өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2334 мектептин 26сы онлайн-окутууга өткөрүлдү, анын ичинен Бишкек шаарында 16 мектеп, Чүй облусунда – 10 мектеп.

post.title

Андан тышкары эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 76 класс онлайн-окутууга өткөрүлдү, анын ичинен Чүй облусунда 55 класс, Бишкек шаарында – 9 класс, Талас облусунда – 6 класс, Нарын облусунда – 3 класс, Ош облусунда – 2 класс, Ысык-Көл облусунда – 1 класс. Белгилей кетчү нерсе, Талас облусу боюнча 6 класс онлайн-окутууга мектептеги оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар