Кыргызстанда ERIK долбоорунун алкагында 30 мектеп оңдолот

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

12 Январь 2022 ж. 17:21

Көрүлдү: 1442

ERIK долбоорунун алкагында куруу жана реконструкциялоо үчүн 30 мектептин тизмеси ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгы боюнча бекитилген. Отурум 2021-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн.

post.title

Бул тизмеге өлкөнүн бардык областтарынан мектептер киргизилген. Тандалып алынган мектептердин 14ү – авариялык мектептер, аларды сүрүп таштап, кайрадан куруп чыгуу кажет. Дээрлик бардык тандалып алынган мектептерде көптөн бери капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн эмес, бул мектептер сейсмикалык туруктуулук жагынан коопсуз эмес. Алардын көпчүлүгүндө ички ажатканасы жок.     

Тандалып алынган окуу жайларда сейсмокоопсуздук жана энергоэффективдүүлүк талаптарын эске алуу менен капиталдык реконструкциялоо жана курулуш жүргүзүлөт, суу менен жабдуу системасы, санитардык абалы, анын ичинде ички ажатканасы, жакшыртылат.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган ERIK долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө колдоо көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эң сейсмокооптуу райондорунда жайгашкан 10 мектепти куруу жана реконструкциялоо үчүн долбоордук документтерди даярдоо боюнча иш жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана курулуш жаатындагы эксперттер кирет.

Окуу жайларды тандап алуу бир нече этапта, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен макулдашылган критерийлердин негизинде жүргүзүлгөн.

Тандап алууда имараттын жайгашкан жеринин сейсмикалуулугу, конструкциялык тиби жана аялуулук даражасы, мектептердин толушу жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу үчүн сарпталган чыгымдардын эффективдүүлүгү сыяктуу параметрлер эске алынган.

“Билим берүү жана илим министрлиги үчүн өлкөнүн окуу жайларынын инфраструктурасын жакшыртуудагы Дүйнөлүк банктын колдоосу абдан маанилүү. Биз ERIK долбоорунун аркасында мектептерибиз сейсмокоопсуздуктун заманбап стандарттарына туура келген жаңы имараттуу болот деп кубанып жатабыз”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

“ERIK долбоорунун компоненттеринин бири мектептердин имараттарынын туруктуулугун жогорулатуу жолу менен балдар үчүн коопсуз жана жакшы чөйрөнү камсыздоого багытталган. Биздин долбоор өзгөчө кырдаалдардын алдында аялуу болгон 10 мектепте иш жүргүзүп жатат. Биз экинчи этапта дагы 30 мектепти реконструкциялоону пландап жатабыз. Биз бул долбоорго салынган каражаттар өтө көп мектеп окуучуларынын коопсуз билим алышына өбөлгө түзүшүнө умтулабыз”, – деди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева.

Видео: https://www.youtube.com/watch?v=-xQQdBZ3hDk

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар