КОЛЛЕДЖ ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛУГУНА ТЕСТИРЛӨӨДӨН 8 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Апрель 2024 ж. 18:02

Көрүлдү: 1557

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугунун ордуна тестирлөөдө 8 талапкер (6 — кесиптик лицейлердин директорлугу кызматына, 2 — колледж) босого упайды топтогондугун маалымдайт.

post.title

23-апрелде өткөн тестирлөөгө жалпы 35 адам, анын ичинен 30 – кесиптик лицейлердин директорлугуна талапкер, 5 – колледждин директорлугу кызматына катышты.

Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, колледжде жана 15 кесиптик лицейде жетекчилердин бош орундары бар.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар