БАЛЫКЧЫДА ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН САЛЫМЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Апрель 2024 ж. 17:02

Көрүлдү: 1390

22-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде бул окуу жайдын аймактагы колледж жана кесиптик лицейлердин өнүгүүсүнө салымы жана кесиптик билим берүүнүн болочогу тууралуу кереге кеңеш өткөрүлдү.

post.title

«Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоору боюнча колледждин имараттары реконструкцияланып, Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурулуп, окуу-өндүрүштүк комплекси жабдылган. Алдыңкы тажрыйба борбору жергиликтүү ишканалардын суроо-талаптарына ылайык бүтүрүүчүлөрдү даярдоо, иш ордунда окутуу, компетенциялык негизде билим берүүнүн методология жана тажрыйбаларын жайылтып жатат. Окуу-өндүрүштүк комплексинде мейманкана ачылып, анын ишинен окуу жай кошумча киреше табууда.

Алдыңкы тажрыйба борборунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр кереге кеңеш учурунда бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу үчүн кызматташуу, Алдыңкы тажрыйба борборунун ишмердиги, валидация (дал келүүсүн тастыктоо) жана сертификация маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар