1-МАЙДАН ТАРТА ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУГА ӨТҮНМӨЛӨР АСУЛА АРКЫЛУУ ГАНА КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Апрель 2024 ж. 16:51

Көрүлдү: 1485

2024-жылдын 1-майынан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана кабыл алынат.

post.title

Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо билим берүү кызматын көрсөтүү шарттарынын ченемдик-укуктук актылардын талаптарына, мисалы, санитардык эрежелерге, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жоболоруна ылайык келишин белгилөө үчүн жүргүзүлөт.

Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт.

Өтүнмөнү АСУЛА аркылуу электрондук форматта тариздөө алыскы аймактардагы

арыз ээлерине борборго келбестен, өз жеринде берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок, анын натыйжасында коррупциялык тобокелдиктер жоюлат.

Эми жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөтөт.

АСУЛА сайты - https://asula.edu.gov.kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар