Министр Болотбек Купешев 99 жаштагы акын Асек Урманбетовдон кабар алды

Автор: Борбордук аппарат

5 Январь 2022 ж. 16:57

Көрүлдү: 1121

“Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүн аралап өтөт” дегендей, глобалдашкан дүйнөнүн орчундуу окуялары кылым карыткан акын Асек Урманбетовду да ойго салып келет. Айрыкча аны азыркы жаш муундардын интернет ааламына сүңгүп кирип кеткени көбүрөөк тынчсыздандырат. Акын кыргыз жаштары билимден, тарбиядан өксүбөсө, китепке жакын болуп, насаат сөздөргө кулак түрсө дейт, дал ушул максатта окуучулар жана студенттер менен жолугушууларды уюштуруп, радио, телеканалдар аркылуу жумурай журтка үнүбүздү жеткирсек дейт.

post.title

Ушундай мазмундагы кайрылуусун Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге жолдогон. Кайрылууну көңүл сыртында калтырбай, министр Б. Купешев акындын үйүнө барып, аны менен кеңири баарлашып кайтты.

Ардагердин айтымында, ал буга чейин жүздөн ашуун окуу жайды кыдырып, жаш муунга акыл-насаатын айткан, бирок акын муну жетишсиз деп эсептейт. "Интернет ааламы жаштарды өзүнө оп тартып, натыйжада маданиятсыз, сабатсыз жаштардын калың катмары түптөлүп жатат. Бул тенденцияны бүгүн ооздуктабасак, эртең кеч болуп калат", - дейт А. Урманбетов. 

Министр ардагердин айткандарын кубаттап, жаш муунга жакшы тарбия, терең билим берүү улуу муундун милдети экенин баса белгиледи жана бул багытта нарк-нускалуу карыялар менен биргеликте иш алып баруу ниети бар экенин айтты. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга койгон ата-бабалардын учугун улоо ыйык парз экенин баса белгилеген министр кырчындай кезинде чоң жоопкерчиликти моюнга алып, Кыргыз АССРнин Эл комиссарлар советин жетектеп, элине ак кызматын өтөгөн Жусуп Абдрахмановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү кеңири камтылган сыясы кургай элек китепти акынга белек кылды.

Асек Урманбетов 1923-жылы 2-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Саруу айылында төрөлгөн. 1942-жылдын башында аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, Бурятиянын Улан-Удэ шаарындагы аскердик окуу жайды аяктаган. 1943-жылы май айында 735-аткычтар полкунун аткычтар взводунун командири болуп дайындалган. 1943-жылы декабрда кан күйгөн майданда оң бутунан оор жаракат алып, мекенине кайтып келген.

Күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, шаарларды жана кыштактарды фашисттик баскынчылардан бошоткондугу үчүн Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

75 жашында чыгармачылыкка киришкен акын чейрек кылымга жакын убакытта “Үзүлбөгөн үмүттөр”, “Айланып келер шумкарың”, “Өрт өчүргөн өмүр”, “Улуулуктан уланган мурас”, “Кылым карыткан өмүр” ж.б. китептерин жарыкка чыгарган.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар