2022-жыл жаңы жетишкендиктердин башталышы болсун!

Автор: Борбордук аппарат

30 Декабрь 2021 ж. 12:05

Көрүлдү: 1310

Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер! Урматтуу билим берүү жана илим системасынын кызматкерлери! Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен ак дилимден куттуктайм! Узап бара жаткан жылда, пандемияга карабастан, өлкөбүз зор ийгиликтерге жетишти. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөбүздүн өнүгүүсүнө колдон келген салымын кошту, ал эми билимдин, маданияттын жана тарбиянын очогу болгон билим берүү уюмдары онлайн режиминде пандемиялык оор мезгилди басып өтүп, окуу жылын жаңы дем менен башташты.

post.title

Эң маанилүүсү – биз ийкемдүү, ачык жана динамикалуу өнүгө турган улуттук билим берүү системасынын өнүгүү жолдорун аныктаган үч жылдык программаны кабыл алдык.

Жаңы жылда биз кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарына, санариптештирүүгө жана инклюзивдик билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Биз, ошондой эле, жакынкы мезгилде педагогикалык эмгектин статусун жана кадыр-баркын жогорулатуу жолдорун издеп жатабыз.

Кыргызстандын келечеги жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү билим берүү системасынан түздөн-түз көз каранды. Билимдүү жаштар жана өнүккөн адамдык потенциал гана өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин бирине айландыра алат.

Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди ишке ашыруу үчүн бүт күчүн жумшап жатат.

Жаңы жылда биз жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу жана заманбап методикалардын жардамы менен билим берүү системасын жакшыртуу аркылуу мамлекетти өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошууну уланта бермекчибиз.

Жаңы жыл жалпы кыргызстандыктар үчүн жаңы жолдун жана ийгиликтердин башталышы болуп, ой-максаттары, үмүт-тилектери кабыл болсун! Ар бир үйгө кут конуп, ырыскы байырласын! Жергебиз гүлдөп-өсүп, элибиз эсенчиликте жана байгерчиликте өмүр сүрсүн!

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун, урматтуу кыргызстандыктар!

 

Кыргыз Республикасынын

билим берүү жана илим министри                                           Болотбек Купешев

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар