Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жаңы курулган мектеп колдонууга берилди

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

28 Декабрь 2021 ж. 17:32

Көрүлдү: 1077

2021-жылдын 23-декабрында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жаңы курулган мектептин салтанаттуу ачылышы болду.

post.title

2021-жылдын 23-декабрында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жаңы курулган мектептин салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева катышып келди.

Дархан айылындагы А. Сатылганов атындагы заманбап мектептин курулушуна Сауд Аравия өнүктүрүү фондунан алынган 72 млн 114 сом өлчөмүндөгү каражат сарпталган.

Мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, бардык шарттар каралган, класстар заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар