Кыргызстандын окуучулары Македония олимпиадасында 2 күмүш, 7 коло медаль утуп алышты

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

28 Декабрь 2021 ж. 16:33

Көрүлдү: 1186

Быйыл да, былтыркыдай эле, Македония олимпиадасы (FMC) дистанттык форматта болду. Анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 700дөн ашуун окуучу таймашты. Олимпиадага Кыргызстандан 30 окуучу катышты.

post.title

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү мектеп окуучулары математика боюнча күмүш жана коло медалдарга ээ болушту:

1. Тилек Аскербеков, Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – күмүш медаль,

2. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи – күмүш медаль,

3. Эльдар Искандеров, «Газпром Кыргызстан» мектеби коло медаль,

4. Нурсултан Эшперов, «Газпром Кыргызстан» мектеби коло медаль,

5. Сейит Рыскулов, «Газпром Кыргызстан» мектеби» – коло медаль,

6. Абдумалик Турсунов, Келечек MIT мектеби коло медаль,

7. Темирлан Бакыжанов, Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи коло медаль,

8. Бахтиёр Абдуллаев, Кадамжай «Семетей» лицейи – коло медаль,

9. Азирет Акматбек уулу, Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи коло медаль.

Олимпиадага окуучуларды «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаган.

FMC олимпиадасы ар жылы Македония математикалык ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар