ЖАСАЛМА ДАРЕК БИРИНЧИ КЛАССКА КАБЫЛ АЛЫНУУГА КЕПИЛДИК БЕРБЕЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2024 ж. 17:50

Көрүлдү: 2401

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук кабыл алууда даректи убактылуу каттоо биринчи турда катталууга кепилдик бербей тургандыгын эскертет.

post.title

“Макамдуу” деп аталган мектептерге каттоо үчүн мурунку дарегин тез алмаштыруу жана башка жерге убактылуу каттоого турууда дагы, автоматташтырылган система баланы мектепке биринчи турда жаңы жайгашкан жери боюнча аныктай албайт.

Эскерте кетсек, 8-апрелден тарта мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо башталат.

Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,
  • II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар