“ОКУУ КИТЕБИ” БАСМА ҮЙҮНҮН ДИРЕКТОРЛУГУНА АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Апрель 2024 ж. 14:00

Көрүлдү: 1201

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директорунун ваканттык бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

post.title

Конкурстук тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

1) конкурска катышууга жеке арыз;

2) паспорттун көчүрмөсү;

3) резюме;

4) билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;

5) мурунку иш берүүчүлөрдөн (2ден кем эмес) сунуш кат.

Талапкер аңгемелешүүгө мекемени өнүктүрүү программасын даярдап келиши керек.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 11-апрели, саат 18.00гө чейин.

Документтер Бишкек ш., К.Тыныстанов көч. 257., Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 212-каб. дареги боюнча кабыл алынат (байланыш: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.Б. Мамбетакунова, 0312 66-46-43)

Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/367/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар