КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР РЕСПУБЛИКАЛЫК АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА 16 МИҢДЕН АШУУН КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Апрель 2024 ж. 17:18

Көрүлдү: 1371

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү кесиптик лицейлер “Бир окуучу – бир көчөт” жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акциянын алкагында 16 миң 418 көчөт отургузду.

post.title

Анын ичинде:

  • Бишкек шаары – 2079 көчөт,
  • Чүй облусу – 1619 көчөт,
  • Ош облусу  3827 көчөт,
  • Жалал-Абад облусу  4261 көчөт,
  • Баткен облусу – 1714 көчөт,
  • Ысык-Көл облусу  1500 көчөт,
  • Нарын облусу – 653 көчөт,
  • Талас облусу  765 көчөт.

Ошондой эле апрель айынын аягына чейин дагы көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2023-2025-жылдар мезгилине “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №71-т “Бир окуучу-бир көчөт” жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы №335/1 “Табиятты сактайлы” иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругy чыккан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар