ЭРТЕҢ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ПЕДАГОГДОРУ ҮЧҮН STEAM КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Апрель 2024 ж. 16:03

Көрүлдү: 1037

Эртең, 5-апрелде Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдору үчүн “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап практикасы: реалдуулук жана перспективалар” илимий-практикалык конференциясы өтөт.

post.title

Конференция ачылышына Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Балдардын эрте өнүгүүсү, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн актуалдуулугу жана STEAM технологиялары, мамлекетибиздин жана жаштардын алдында турган милдеттери”, “Заманбап мектепке чейинки билим тренддери” темаларында баяндамалар жасалат.

Ошондой эле төмөндөгү багыттар боюнча секцияларда иштөө жүрөт:

  • Ф.Фребелдин дидактикалык системасы (STEAM);
  • Математикалык өнүгүү (STEAM);
  • Жандуу жана жансыз жаратылыш менен изилдөө (STEAM);
  • Лего-конструкциялоо (STEAM);
  • Робототехника (STEAM);
  • Санариптик мультстудия (STEAM);
  • МЧББУдасанариптик технологиялар;
  • Этно (STEAM);
  • Этнопедагогика (көркөм кол өнөрчүлүк);
  • Көп тилдүү  билим берүү программасы;
  • Балдар үчүн туура сүйлөө технологиясы;
  • Насаатчылык;
  • Балдарды окутууга жекече багытталган мамиле. Активдүүлүк борборлору.

Конференциянын максаты – мектепке чейинки билим берүү ишмердүүлүгүндө кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу,  заман талабына ылайык окутуунун ыкмаларын үйрөтүү жана STEAM илимий-техникалык чыгармачыл чөйрөнү түзүү боюнча тажрыйба алмашуу жана аны жайылтуу.

Белгилей кетсек, конференция Билим берүү жана илим министрлиги жана “Союз дошкольников Кейджи” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулууда.

Конференция Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар