РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЭҢГЭЭЛДЕ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН ЖАШЫЛДАНДЫРУУ КАМПАНИЯСЫ ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Апрель 2024 ж. 15:56

Көрүлдү: 1105

2024-жылдын 6-апрелинде республикалык деңгээлде билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо боюнча тазалык кампаниясы өтөт.

post.title

Тазалык кампаниясынын максаты – мектеп окуучуларын жана студенттерди жашоодогу баалуулуктардын бири катары эмгекке жана анын натыйжаларына жакшы мамиле кылууга тарбиялоо, өлкөнүн аймактарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндүрүүнү уюштуруу.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-2025-жылдар мезгилине “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө Жарлыгынын алкагында, Жашыл Мурасулуттук өнөктүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №71-т Бир окуучу-бир көчөтжыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы №335/1 Табиятты сактайлыиш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругy чыккан.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар