Министрликте жалпы билим берүү уюмдарынын китепканачыларын даярдоонун жыйынтыгы талкууланды

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Декабрь 2021 ж. 19:11

Көрүлдү: 959

2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жалпы билим берүү уюмдарынын китепканачыларын окутуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» (СӨПББСБ) долбоорунун иш-чараларынын жыйынтыктары талкууланды.

post.title

Долбоордун консультанты Айседеп Маматова Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы китепканачыларды окутуунун жыйынтыгы менен тааныштырды. Анын айтымында, жалпы 1024 мектеп китепканачылары кошумча кесиптик билим берүү багытында МКТ-компетенциялар жана «Жаңы китеп» АМС окуу китептерин башкаруу маалыматтык системасын колдонуу боюнча 3 күндүк окуудан өтүшкөн. Окуу материалдары мектеп китепканачыларын окутууда колдонуу үчүн долбоор тарабынан Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтуна өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, буга чейин мектеп китепканаларынын окуу китептер фонддорун инвентаризациялоо жана китепканачылардын ишин автоматташтыруу үчүн СӨПББСБ долбоорунун алкагында республика боюнча 2138 мектеп китепканасына жабдуулардын комплекттери (компьютер, КФТ-көп функциялуу түзүлүш жана окуу китептеринен QR коддорду окуу үчүн сканер) жеткирилген, 96 тренер жалпы билим берүүчү китепканачыларды компьютердик сабаттуулукка үйрөтүү, берилген жабдууларды пайдалануу жана «Жаңы китеп» АМС менен иштөө үчүн даярдалган.  

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар билим берүү уюмдарынын китепканаларын заманбап жабдуулар менен жабдуу жана китепкана кызматкерлерин масштабдуу даярдоо республикада биринчи жолу жүргүзүлүп жатканын, мектеп китепканачыларынын ишинин натыйжалуулугун жана мотивациясын жакшыртуу үчүн процессти автоматташтыруу жана окутуу күчтүү стимул болорун баса белгилешти. Катышуучулар окуу модулунун мазмунун жакшыртуу, «Жаңы китеп» АМС программасын жакшыртуу, мектеп китепканачыларын онлайн жана оффлайн форматта системалуу түрдө окутуунун зарылдыгы боюнча сунуштарын айтышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар