КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДИН ДИРЕКТОРУНУН БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Апрель 2024 ж. 18:10

Көрүлдү: 1166

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүүгө ачык сынак жарыялайт.

post.title

Ачык конкурс 20 кесиптик лицейдин жана колледждин директорунун бош кызмат ордуна жарыяланды. Тизме (пдф)

Талапкерлерге квалификациялык талаптар:

  1. жогорку кесиптик билиминин болушу;
  2. билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  3. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:

  1. Өздүк арыз;
  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн  билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же  иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген  соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы;
  10. Дело №.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 3-апрели.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 17-апрели, саат 18:00го чейин.

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 219. 

Сурап-билүү телефону: 0312 62 05 09

Толугураак - https://edu.gov.kg/announcements/362/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар