МИНИСТР ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ӨНӨКТӨШТӨРГӨ “АЛТЫН КАЗЫК” БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО ПРОГРАММАСЫН ТААНЫШТЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Апрель 2024 ж. 17:31

Көрүлдү: 520

Бүгүн, 3-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасы менен тааныштырды.

post.title

Министр баяндамасында билим берүүнүн бардык баскычын камтыган программанын багыттары жөнүндө айтып, трансформациянын өзөгүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүү түзөрүн белгиледи.

“Биз өзүбүздүн билим берүү системасына так диагнозду коюу менен мындан ары туура саясат кабыл алууга багыт алдык. Эгерде мурда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү боюнча фрагменттүү иштер жүргүзүлсө, биздин азыркы багыттар толугу менен комплекстүү өнүгүүгө алып келет. Биздин башкы максатыбыз -  ички жана тышкы эмгек рыногунда өзүнүн билимин, көндүмдөрүн пайдаланып, кырдаалдан чыга турган балдарды даярдоо”, - деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева быйыл мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40% жеткирүү же кошумча 113 миң баланы бала бакчага тартуу, заманбап окуу планы жана дүйнөлүк стандартка ылайыкталган алдыңкы окуу китептери, онлайн билим берүү, билим берүүнүн документтерин санариптештирүү, башкарууну оптималдаштыруу, мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо ж.б. тапшырмалар турганын кошумчалады.

Министрдин баяндамасынан соң өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өздөрүнүн сунуштарын жана суроолорун айтып, “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасын колдой тургандыгын билдиришти.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар