ТАЛАСТА “ОКУУ КЕРЕМЕТ” ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Апрель 2024 ж. 16:31

Көрүлдү: 379

29-мартта Билим берүү министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ольга Брызгалова Талас шаарында өткөн USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери” деп аталган тегерек столго катышты.

post.title

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, педагогикалык жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын өкүлдөрү, Талас облусундагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү долбоордун башталгыч билим берүү системасында жетишкен натыйжаларынын туруктуулугун бекемдөө боюнча аракеттерди талкуулашты.

Долбоордун жыйынтыктары:

  • USAIDдин Окуу керемет!” долбоору 2020-жылдан тарта Талас облусундагы 82 мектепке жана 10 коомдук китепканага колдоо көрсөттү. Максаттуу мектептер “Математикалык сандыкчаларды”, дидактикалык материалдарды, мектеп жана коомдук китепканалар кошумча окуу үчүн 1000ге жакын балдар китептеринин топтомун алышты.
  • 2022-жылы 800дөй башталгыч класстардын мугалими окуу жана жазуу көндүмдөрү, 758 мугалим математиканы окутуу боюнча, 230га жакын методист жана мектеп администрация өкүлдөрү мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү боюнча тренингдерден өтүштү. Долбоор ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Педагогикалык колледж менен мугалимдердин билим берүү программаларын жакшыртуу багытында да кызматташууда.
  • функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы иш-чараларга 1-4 класстын окуучуларынын 70%дан ашууну катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар