КАРАКОЛДО “ОКУУ КЕРЕМЕТ” ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Апрель 2024 ж. 16:27

Көрүлдү: 324

29-мартта Билим берүү министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров Каракол шаарында өткөн USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери” деп аталган тегерек столго катышты.

post.title

КР Президентинин Ысык- Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова, облустук билим берүү институтунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, педагогикалык жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын өкүлдөрү, балдар адабият китептеринин авторлору, Ысык-Көл облусундагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү долбоордун натыйжаларынын туруктуулугун бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Ысык-Көл облустук билим берүү институту менен райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматташтык жөнүндө келишимине,   К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн окутуунун жаңы усулдарынын жана болочок мугалимдерди даярдоонун туруктуулугу, мектептерде алардын практикасын уюштуруу жөнүндө меморандумуна кол коюлду.

Долбоордун жыйынтыктары:

- 2020-жылдан баштап USAIDдин “Окуу керемет!” Ысык-Көл облусундагы 156 мектепти жана 13 коомдук китепкананы колдоду. 1-4-класстын окуучулары функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы иш-чараларга тартылды.

- 2022-жылы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын 1200дөн ашуун мугалими окуу жана жазуу көндүмдөрү, 2023-жылы математиканы окутуу методикасы боюнча 1010 мугалим, 350гө жакын методисттер жана мектеп администраторлору мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү боюнча тренингден өтүштү.

- Мектептер жана китептканалар 1000ге жакын кошумча окутуу үчүн балдар китептерин, ал эми мугалимдер математика боюнча дидактикалык материалдардын топтомун алышты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар