МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН КРЕАТИВДҮҮ ЭКОНОМИКАГА ДАЯРДОО БОЮНЧА ПРОГРАММА ТАРТУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Апрель 2024 ж. 18:10

Көрүлдү: 432

Чүй облустук билим берүү усулдук бөлүмүнүн директору Райымбек Султанов 20-мартта креативдүү экономиканы түзүү үчүн “Заманбап мугалим” билим берүү программасынын ачылышына катышты.

post.title

Программага катышууну каалаган ар кайсы тармактын адистери, мугалимдер, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү эки жыл аймактык, айылдык мектептерде иштөөсү пландаштырылууда. Программа “Заманбап Мугалим” коомдук фонду тарабынан демилгеленген.

Стартаптын ачылышында “Заманбап мугалим” коомдук фондунун директору Асель Бектенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов, ololo компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү Данияр Аманалиев, Compass College окуу иштери боюнча директордун орун басары Айымжан Алмазбекова,Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин вице-президенти Иван Ниненко программа, Кыргыз Республикасындагы креативдүү экономиканын келечеги тууралуу айтып беришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар