КРИТЕРИЙДИК БААЛОО МЕТОДОЛОГИЯСЫ БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУЛАР ОКУТУЛУП ЖАТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Апрель 2024 ж. 17:04

Көрүлдү: 1200

Кыргызстанда башталгыч класстарда критерийдик баалоо методологиясын жана инструменттерин пилоттоо максатында машыктыруучуларды окутуунун экинчи этабы өтүп жатат.

post.title

Тренингден өткөн машыктыруучулар методологияны пилоттоо максатында өлкө боюнча тандалып алынган 40 мектептин башталгыч класс мугалимдерин этап-этабы менен окутууну улантат.

Критерийдик баалоо - бул так иштелип чыккан критерийлердин негизинде окуучунун реалдуу жетишкендиги менен күтүлгөн натыйжаларды салыштыруу процесси.

Методологияны пилоттоону 2023-2024-окуу жылынын II чейрегинен башталды. Сыноонун жыйынтыгы боюнча аны өлкөнүн мектептерине мындан ары киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыгат.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар