БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Апрель 2024 ж. 16:33

Көрүлдү: 476

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 31-мартында Аксы районунда 11-класстын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык жекшемби күнү, 31-мартта болгон мушташта 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучусуна бычак сайган. 11-класстын окуучусу алган жаратынан кансырап каза болгон.

Жазгы каникулга чейин мектеп окуучулары арасында коопсуздук эрежелери, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар