КЫРГЫЗ КОМАНДАЛАРЫ “ROBOLAND-2024” ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Апрель 2024 ж. 18:27

Көрүлдү: 441

“RoboLand-2024” IX эл аралык робототехника, программалоо жана инновациялык технологиялар фестивалында “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык  академиясынан Дастан Казыбаевдин жетекчилиги алдында Ринат Советканов жана Андрей Царевский чыгармачылык категориясында коло медалга, “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Талас облусундагы филиалынан Нуржан Тайтелиевдин жетекчилиги астында Аслан Ашимбеков жана Темирхан Турсунбеков “Суу роботторунун лабиринти” категориясында үчүнчү орунду ээлешти.

post.title

28-марттан 30-мартка чейин Караганда шаарында өткөрүлгөн RoboLand-2024” фестивалына Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжандан 350дөн ашуун команда катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар