ЮНИСЕФтин ДОЛБООРУ БОЮНЧА 460 МЕКТЕП САНИТАРДЫК-ГИГИЕНАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ АЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Апрель 2024 ж. 18:12

Көрүлдү: 435

ЮНИСЕФ апрель айынын аягына чейин 460 максаттуу мектепке айнек жана пол жуугуч каражаттарды, кир жуугуч жана кол жуугуч самын, чака жана швабра жеткирет.

post.title

100 миңге жакын балдарды жана мугалимдерди санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыздоо үчүн долбоордун алкагында 16 млн сомго (186,4 миң АКШ доллары) материалдар сатып алынган,

«Балдардын ден соолугун камсыз кылуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири гигиенаны сактоо болуп саналат. Өзгөчө мектептер сыяктуу коомдук жайларда. Биз Япониянын өкмөтүнө бул демилгени колдогону үчүн ыраазычылык билдиребиз. ЮНИСЕФ санитардык гигиенаны жакшыртуу боюнча мектептер менен иштешүүнү улантат», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери ЮНИСЕФ Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен 460 мектепти 52 млн сомдон (586 000 АКШ доллары) ашык баадагы санитардык каражаттар менен камсыз кылган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар