КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ПЯТИГОРСК ШААРЫНДАГЫ ОКУУ ЖАЙЛАРДА БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Март 2024 ж. 19:52

Көрүлдү: 1639

28-мартта Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында министр Догдуркүл Кендирбаева жетектеген кыргыз делегациясы Пятигорск шаарындагы Пятигорск соода-сатык, технология жана сервис техникумуна жана №31 спорт мектебине барышты.

post.title

Делегация жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик мектептердеги жана бала бакчалардагы окутуу шарттары, техникумда жумуш ордунда, мейманканада, ресторанда жана окуу жайдын барында ашпозчулук, мейманкана жана ресторан тейлөө кызматтары боюнча окутуу, “Профессионалдар” кесиптик чеберчилик чемпионатын уюштуруу менен таанышышты.

Маданий программанын алкагында делегация Пятигорскидеги “Менин өлкөм. Менин тарыхым” музей-көргөзмө комплексиндеги “Агартуу. Чоң өзгөрүүлөр” көргөзмөсүндө Россиянын билим берүү системасынын эволюциясы, Россия элдеринин тарыхы, маданияты жана каада-салты жөнүндө “Достуктун канаттары” викторинасында маалымат алышты.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Министр Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Денис Грибов, Гуманитардык долбоорлор боюнча фонддун башкаруучу директору, “Россия – менин тарыхым” тарыхый парктар Ассоциациясынын директору Иван Есин жана Пятигорск шаарындагы филиалдын башчысы Яна Скрипник менен жолугушту.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар