МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОРУСИЯДА ӨТКӨН СЕМИНАРДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО ПРОГРАММАСЫН СУНУШТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Март 2024 ж. 18:57

Көрүлдү: 1469

27-марттан 30-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеген делегация Россия Федерациясынын агартуу министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Пятигорск шаарындагы “ПРОдиалог” семинар-кеңешмесине катышууда.

post.title

Семинарга ошондой эле Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов, Мамлекеттик Думанын агартуу боюнча комитетинин төрагасы Ольга Казакова катышты.

Семинарда министр Догдуркүл Кендирбаева “Алтын казык” Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн трансформациялоо программасы жөнүндө баяндама жасады. Ал программа билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганын, анын ичинде 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү дүйнөнүн 150 өлкөсүнүн билим берүү жана эмгек рыногуна жол ачарын белгиледи.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү кызматташуусунун абалына сереп салууда министр Догдуркүл Кендирбаева: “Бизди “Сколково” инновациялык борбору жана “Сбербанк” билим берүү программалары сыяктуу алдыңкы долбоорлор кызыктырат. Биз алардын адаптациясын өлкөбүздө карап көргүбүз келет”, - деп билдирди.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар