ДИРЕКТОРЛОРДУ СЫНАКТЫК ТАНДОО: КОЛЛЕДЖ ЖАНА 9 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАКТЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Март 2024 ж. 17:47

Көрүлдү: 817

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына талапкерлерди тестирлөө жана аңгемелешүү этаптарынан 10 талапкер ийгиликтүү өттү.

post.title

Талапкерлер тестирлөөдөн 2024-жылдын 26-мартында, конкурстук комиссия менен аңгемелешүүдөн 27-мартта өткөн.
Жыйынтыгында эки этаптан тең ийгиликтүү өтүп, директорлукка дайындоого макулдук алгандар:


    Кувандыкова Айнура Асантуровна – Бишкек шаарындагы “Анадолу” Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейине;
    Колопов Альберт Сексенбаевич – Бишкек шаарындагы №97 кесиптик лицейине;
    Асан уулу Кубатбек – С.Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледжине;
    Жакшылык уулу Ильичбек – Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы № 40 кесиптик лицейине;
    Турганбаев Байышбек Мукашович – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейине; 
    Джапобаева Асель Кожошевна – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылындагы № 42 кесиптик лицейине;
    Азиз кызы Назгүл – Ош облусунун Ош шаарындагы №113 кесиптик лицейине; 
    Киргизбаев Алмазбек Кудайбердыевич – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №8 кесиптик лицейине; 
    Маматалиева Назира Абдилллаевна – Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз айылындагы №33 кесиптик лицейине;
    Дербишев Болотбек Толубаевич – Баткен облусунун Раззаков шаарындагы №48 кесиптик лицейине.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүүгө ачык сынакты 2024-жылдын 13-февралында https://edu.gov.kg/announcements/344/ жарыялаган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар