ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР АРАСЫНДА ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Март 2024 ж. 17:39

Көрүлдү: 1539

2024-жылдын март, апрель айларында Ысык-Көл облусундагы кесиптик лицейлер арасында “Ысык-Көлдү сактайлы!” тазалык акциясы эстафеталык түрдө өткөрүлөт.

post.title

Тазалык акциясынын негизги максаты – жаштардын экологиялык аң-сезимин өнүктүрүү жана экологиялык жүрүм-турумун калыптандыруу, коомчулуктун (жергиликтүү тургундардын) көңүлүн табиятты сактоого буруу жана Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого чакыруу.

Кесиптик лицейлердин акцияны уюштуруу графиги:

Кесиптик лицейдин аталышы

Өтүүчү жери

Убактысы

1.

№85 кесиптик лицей

Ысык-Көл району, Кош-Көл айылынын аймагы

март, 2024-жыл

2.

№22 кесиптик лицей

Балыкчы шаарынын аймагы

март, 2024-жыл

3.

№81 кесиптик лицей

Тоң району, Бөкөмбаев айылынын аймагы

апрель, 2024-жыл

4.

№55 кесиптик лицей

Жети-Өгүз району, Барскоон айылынын аймагы

апрель, 2024-жыл

5.

№2 жана №14 кесиптик лицейлер

Каракол шаарына жакын пляждардын аймагы

апрель, 2024-жыл

6.

№82 кесиптик лицей

Ысык-Көл району, Ананьево айылынын аймагы

апрель, 2024-жыл

7.

№42 кесиптик лицей

Ысык-Көл району, Темир айылынын аймагы

апрель, 2024-жыл

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар