КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ИНКЛЮЗИВДИК ОКУТУУНУН ПРИНЦИПТЕРИН ЖАЙЫЛТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Март 2024 ж. 15:59

Көрүлдү: 302

Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Бишкекте инклюзивдүү окутуу боюнча тренинг өткөрүлүүдө.

post.title

Долбоордун пилоттук колледждеринин 18 окутуучусу 72 сааттык курста ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды педагогикалык жана психологиялык жактан окутуунун ыкмаларын, атап айтканда, жекече мамилени колдонуу алардын муктаждыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, жекече мамиле кылууну үйрөнмөкчү. Тренингдин катышуучулары колледж жана кесиптик лицейлердин окутуучуларын инклюзивдүү билим берүүнүн принциптери боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алат.

“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору кесиптик билим берүү уюмдарында инклюзивдүүлүк принциптерин ишке ашырууда, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучуларды башкалар менен бирге окутуу, аларды башталгыч жана орто кесиптик билимге, квалификацияга тартууну колдойт.

Бул үчүн долбоордун 8 пилоттук колледжинде социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн окуучулары, кыздар жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн шарттар түзүлгөн:

  • мүмкүнчүлүгү чектелген  окуучулардын муктаждыктарын эске алуу менен имараттар реконструкцияланды,
  • аз мобилдүү (мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар) үчүн көтөргүчтөр орнотулду,
  • жертаманга сезилерлик (тактилдик) плиталар төшөлгөн, кармагычтарда Брайл шрифтиндеги көрсөткүчтөр жабыштырылган;
  • гендер жана инклюзия маселелери менен алектене турган кызматкерлерди атайын даярдоо уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар