МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТҮРКИЯНЫН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОМАНДА ФОНДУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Март 2024 ж. 13:26

Көрүлдү: 1989

19-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын технологиялык команда фондунун жетекчиси Элван Кузужу Хыдыр менен жолугушту.

post.title

Тараптар кызматташууну өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. Жетекчи Элван Кузужу Хыдыр фонддун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал Түркиянын технологиялык команда фонду, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги, Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети кызматташтык жөнүндө Протоколго кол койгондуктарын кабарлады. Анын алкагында БилимБишкек/BilimBishkek борбору ачылат жана Deneyap долбоору ишке ашырылат.

Ал министр Догдуркүл Кендирбаеваны Түркиядагы авиация, аэрокосмостук техника жана Teknofest  технологиялары фестивалына катышууга чакырды. Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларынын Teknofest фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар