ПЕДАГОГ-ХОРЕОГРАФТАР ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУ ӨТКӨРҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Март 2024 ж. 9:43

Көрүлдү: 845

2024-жылдын 25-мартынан 29-мартына чейин мектептердин жана мектептен тышкаркы мекемелердин педагог-хореографтары үчүн “Бийлердин көп түрдүүлүгү” хореографиясы боюнча квалификация жогорулатуу курсу өтөт.

post.title

Программа кыргыз бийинин тарыхын, элдик жана заманбап бийлердин негиздерин, курстун катышуучуларынын бий коюусу жана “Сейтек” борборунун чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасын камтыйт.

Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун колдоосу менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору тарабынан уюштурулду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар