МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО, МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН СЫНАГЫНА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Март 2024 ж. 17:27

Көрүлдү: 2231

2024-жылдын 13-мартынан 19-мартына чейин Ош шаарында жана Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарында аймактык ыйгарым билим берүү органдарынын жетекчилери, адистери жана мектеп директорлору үчүн мектеп директорун тандоо конкурсун өткөрүү механизмдери, мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун жол-жоболору боюнча методикалык окутуулар өткөрүлдү.

post.title

Окутууларды Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун өкүлү Самара Умралиева өттү.

Белгилей кетсек, ушул тапта мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу жүрүүдө.

2022-2023-окуу жылында өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында република боюнча 1084 мектепке жетекчи дайындалды.

2024-жылдын 17-февралында Бишкек жана Ош шаарларында педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун экинчи этабы – тестирлөө жүргүзүлгөн. Тестирлөөгө документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 56 мугалим катышып, анын ичинен Баткен облусунун Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Нургүл Маманазарова биринчилерден болуп  “Экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктаган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар