МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ӨЛКӨЛҮК ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Март 2024 ж. 17:48

Көрүлдү: 2483

15-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Чженг Ву баштаган делегация менен жолугушту.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдирип, мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын долбоору менен тааныштырды.

Министр бирдиктүү жана туруктуу мамлекеттик китеп саясатын жүргүзүү үчүн Министрлер Кабинетинин токтому менен “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемеси түзүлгөнүн, Кэмбридждин окуу стандарттарын жана баалоо системасын киргизүү, Сингапурдун педагогикалык тажрыйбаларын алуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева 150 өлкөнүн билим берүү жана эмгек рыногуна жол ача турган жаңы 12 жылдык окуу программасына өтүү тууралуу айтып берди.

Жолугушууда тараптар келечектеги долбоорго биргелешип иш алып барууну талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар