№98 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУГУН КАМСЫЗ КЫЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Март 2024 ж. 17:45

Көрүлдү: 845

15-мартта Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бишкек шаарындагы № 98 кесиптик лицейинде жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө жана башкаруу тутумунун бет ачарына катышты.

post.title

Кесиптик лицейдин директору Чынара Сагынбекованын айтымында, турникет аркылуу өтүүдө окуучуларды жана мугалимдерди жүзүнөн таануу системасы окуу жайга кирүү жана чыгуу убактысын каттоого мүмкүндүк берет. Муну менен окуучулардын сабактарга катышуу саны такталат, андан кийин окуучулардын тамак-ашына каражаттардын бөлүштүрүлүшүн текшерүүгө болот.

Окуучулардын ата-энелери телефон аркылуу баласынын сабакка катышкандыгы тууралуу билдирүүлөрдү ала алышат. Ошентип бул башкаруунун айкындуулугун, ата-энелер үчүн билим берүү процесси жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылат.

Системанын орнотууга келишимдик негизде кыска мөөнөттүү курстарды өткөрүүдө чогулган окуу жайдын каражатынын атайын эсебинен 166 миң сом төлөнгөн.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышты. № 98 кесиптик лицейде күндүзгү бөлүмдө 300 окуучу билим алып, 53 мугалим эмгектенет. Ошондой эле 1000ге жакын адам кыска мөөнөттүү курстарда окуйт. Мында жумушсуздар үчүн калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүнүн аймактык багыттары боюнча, ал эми долбоорлордун алкагында калктын социалдык жактан аярлуу топтору үчүн үч айлык окутуулар жүргүзүлөт.  

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар