ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ ЖƟНҮНДƟ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ БУЙРУК ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Март 2024 ж. 17:08

Көрүлдү: 1466

Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасындагы менчигинин формасына карабастан бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жɵнүндɵ Жобону бекитүү тууралуу №319\1 буйругу чыкты.

post.title

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүргөн 9- жана 11- класстын окуучулары үчүн негизги мамлекеттик сынак катары жазуу жана оозеки экзамен түрүндѳ ɵткɵрүлɵт.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан үстүбүздѳгү окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык же эл аралык олимпиадаларынын корутунду этабында байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар (жеңүүчүлɵр) (билим берүүнүн ыйгарым укуктуу органынын белгиленген дипломунун жана (же) эл аралык олимпиаданын Уюштуруу комитетинин сертификатына ээ болгондор) ЖМАны тапшыруудан бошотулат.

Эки же андан кɵп окуу дисциплинасы боюнча жылдык “канааттандырарлык эмес” баага ээ болгон 9- жана 11- класстын окуучулары педагогикалык кеңештин сунуштамасына жана жалпы билим берүү уюмунун буйругуна ылайык ЖМАны тапшырууга киргизилбейт.

БУЙРУК

ЖОБО

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар