МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА ЖАШТАРДЫН КАРЬЕРАЛЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЖӨНҮНДӨ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Март 2024 ж. 16:43

Көрүлдү: 2336

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 12-мартта Брюсселде башталган “Келечектин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: жаштардын көз карашы менен карьералык жолдор тууралуу мифтерди түшүндүрүү” аттуу конференцияга катышууда.

post.title

Конференцияны Европа окутуу фонду (European Training Foundation) жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азиядагы аймактык кеңсеси тарабынан уюштурулган.

Конференцияда “Карьера үчүн окутуу: Европа жана Борбор Азиядагы жаштарга кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо боюнча кандай кызматтар керек?” деген изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды. Катышуучулар жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча иш-аракеттерди, анын ичинде кесипке багыт берүү борборлорун каржылоону, жаштарды иш менен камсыз кылуу үчүн жаңы технологияларды киргизүүнү талкуулашат.

Белгилей кетсек, 14-34 жаштагы катышуучулардын арасында жүргүзүлгөн изилдөө Кыргызстанда респонденттердин 40% дан ашыгы иш менен камсыз кылуу жана экономика чөйрөсүндөгү тенденциялар тууралуу маалыматка ээ экенин көрсөткөн. Ошондой эле Кыргызстанда ашыкча квалификациянын жогорку деңгээли аныкталган. Сыягы, университеттин бүтүрүүчүлөрү төмөнкү квалификацияны талап кылган жумуштарга орношушат, бул дал келбөөчүлүк  40%дан ашышы мүмкүн.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар