БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Март 2024 ж. 17:56

Көрүлдү: 2767

Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматка таянып, Ош шаарындагы №3 М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясындагы окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

2024-жылдын 14-март күнү эрте мененки саат 8.15те директор класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер окуучулук форманы сактоо керектигин эскерткен. Ал окуучуга эскертүү айтылып жаткан учурда анын классташтары жана класс жетекчиси жанында турган.

Мектеп директору окуучуга кол тийгизбегендигин, урбагандыгын жана жанында күбө мугалимдер, мектеп окуучулары болгонун билдирди. Директор катары ал окуучулардан мектеп формасын гана талап кылган.

Бул окуя боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат жана кошумча маалымат берилет.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар