FIFAнын ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Март 2024 ж. 18:08

Көрүлдү: 504

13-мартта, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев FIFAнын балдар коопсуздугу боюнча кеңешчиси Норман Брукс баштаган Эл аралык футбол федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Тараптар футбол менен машыккан балдарды колдоону талкуулашты.

Министрдин орун басары Бекжан Супаналиев өлкө жетекчилиги спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Борбордук Азияда биринчи жолу испан курама командасынын футбол академиясы Жалал-Абадда ачылып, борбордо ушундай эле академияны курууга старт берилди. Ошондой эле республиканын бардык аймактарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында жаштардын жана балдардын физикалык дене тарбиясы үчүн универсиадалар жана спартакиадалар өткөрүлүп, мектептер үчүн спорт залдар жана аянтчалар курулууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар