МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ «TUTELLIGENCE» СТАРТАБЫНЫН ДЕМИЛГЕЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Март 2024 ж. 18:03

Көрүлдү: 504

12-мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Tutelligence” стартабынын демилгечилери менен жолугушту.

post.title

Тараптар долбоорду иштеп чыгуучулардын сунуштарын талкуулап, 
кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. 

Стартапты Гарвард университетинин студенттери Мээрим Камчыбекова, Кесси Габа жана Нисса Габа, Массачусетс технологиялык институтунун бүтүрүүчүсү Фарри Габа негиздеген. Алар “Tutelligence” жасалма интеллектке негизделген долбоор жекелештирилген сунуштарды берүү менен окууну индивидуалдаштырууга жардам берерин айтышты.

Белгилей кетсек, Мээрим Камчыбекова Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар