PISAга ДАЯРДАНУУ ҮЧҮН 66 МЕКТЕПТЕ ПИЛОТТУК ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Март 2024 ж. 16:43

Көрүлдү: 762

13-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” маалымат агенттигинде PISA эл аралык изилдөөсүнө карата даярдыктар жөнүндө пресс-конференция өткөрөт.

post.title

15-апрелден 24-майга чейин республиканын 66 мектебинде PISAга даярдануу үчүн төмөнкү багыттар боюнча пилоттук изилдөө өткөрүлөт:

  • - математикалык
  • - окуу жана түшүнүү
  • - табигый-илимий багыт.

Пресс-конференциянын катышуучулары:

  • Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев,
  • Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова,
  • PISA – 2025 боюнча улуттук долбоордун менеджери Онолкан Уманкулова,
  • Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева,
  • Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун, PISA -2025 Улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова,
  • Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов.

Убактысы: 2024-жылдын 13-марты, саат 9:30.

Жери: Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, Ж.Абдрахманов көчөсү, 175.

Кошумча маалымат алуу үчүн: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүльмира Уметалиева, 0554 445 566 / 0312 62 35 91

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар