БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН «ТАБИЯТТЫ САКТАЙЛЫ» ИШ-ЧАРАЛАР КОМПЛЕКСИН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БУЙРУГУ ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Март 2024 ж. 12:07

Көрүлдү: 624

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин “Табиятты сактайлы” иш-чаралар комплексин өткөрүү боюнча буйругу чыкты.

post.title

Буйруктун максаты окуучулардын жана студенттердин арасында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо чараларын камсыз кылуу жана экологиялык билимдерди жана көндүмдөрдү жайылтуу болуп саналат.

Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, республикалык ведомстволук мекемелеринин жетекчилери, Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, кесиптик башталгыч, орто жана  жогорку окуу жайларынын жетекчилери  бул буйрукту ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүүсү милдеттендирилди.

Иш-пландардын комплексинде билим берүү уюмдарында экологиялык кеңештерди уюштуруу, экологиялык кодекстрди иштеп чыгуу, “Эко бөлмө-жашыл желек” класстар жана тайпалар аралык таймаштар, ошондой эле жашылдандыруу багытындагы бир катар акциялар, экологиялык күндөргө карата иш-чаралар камтылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар