МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВАНЫН 8-МАРТ –АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТООСУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Март 2024 ж. 8:49

Көрүлдү: 2758

Ардактуу асылзат айымдар!

post.title

Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер – үйдүн гана куту эмес, мамлекетибиздин өзөктүү, туруктуу өнүгүшүндө тирексиздер. 

Эгерде эне үйдө саналуу баланы тарбияласа, анда мугалим кеминде 25 окутат. Ал күнүнө 6 саат иштесе, анда 150дөн ашык балага насаатчы болуп, аларга энелик мээримин жана камкордугун көрсөтүп, бүтүндөй коомду тарбиялайт. Ал эми мугалимдин түйшүктүү эмгегин 40 жылга көбөйтсөк, көптөгөн уул-кыздарга сабак гана бербестен, эне катары жашоого чын жүрөктөн кызмат кылган инсанды көрөбүз. Мугалимдердин мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турат.

Жаңы санариптик технологиялар жана ыкчам өзгөрүүгө дуушар болуп жаткан заманда кыргыз коомундагы аялдардын орду терең жана абдан маанилүү. Акылгөй аялзаты – келечек үчүн билимдүү муунду тарбиялоого, коомдо тынчтыкты сактоого, биримдигибизди чыңдоого жана мамлекетибизди өнүктүрүүдө жаратман эмгеги күч! 

Бүгүн өлкөбүздүн экономикасына, билим берүүсүнө, саламаттык сактоосуна, маданиятына, илимине аялдардын кошкон салымы чоң жана баа жеткис.  

Аялзаты мээримдүү эне, сүйүктүү жар болуу менен бирге, ар түрдүү кесиптерди аркалап, коомубуздун гүлдөп-өсүшүнө кошуп жаткан талыкпас эмгегин өзгөчө белгилөөгө арзыйт. 

Урматтуу айымдар!

Сиздерге жаз майрамында бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар