ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ӨЗ ИШИНЕН АЙЫРМАЛАНГАН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРГЕ СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Автор: Борбордук аппарат

7 Март 2024 ж. 18:08

Көрүлдү: 756

Бүгүн, 7-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз ишинен айырмаланган мыкты мугалимдерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

post.title

Атап айтканда, Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясы окуу-тарбиялык комплексинин тарых мугалими Тогжан Молдокулова менен Бишкек шаарындагы №31 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Азизат Темиркулова "Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы" менен сыйланды.

Ушул эле күнү министр өзүнүн насаатчы  мугалимдери Гүлазы Бейшеналиева менен Зина Сартованы  8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Устат мугалимдеринин колдоосу жана насааты менен 1996-жылы Догдуркул Кендирбаева республикада “Жылдын мыкты мугалими”  наамына ээ болгон.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар