CҮЙҮНЧҮ! КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНДА 4 КҮМҮШ, 13 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Январь 2024 ж. 16:00

Көрүлдү: 933

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты.

post.title

Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты.

Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда жана үч окуучу жекече катышты.

Математика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

🥈1. Киргизбаев Назар, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;

🥈2. Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;

🥉3. Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.

Тренерлери - Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.

Физика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

🥉1. Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;

🥉2. Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;

Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.

🥉3. Аскар Абдиев, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;

🥉4. Анаралы уулу Эмир, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.

🥉5. Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.

Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.

Информатика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

🥈1. Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;

🥈2. Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;

🥉3. Исхак Тажибаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;

🥉4. Садирбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;

🥉5. Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;

🥉6. Алманов Кутбол, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;

🥉7. Джамалов Тенгиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;

🥉8. Майрамбеков Байторо, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Урайымов Кылычбек, Талант Арстанов, Манас Саматов, Мирбек Бакиров, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов.

🥉9. Талыпов Эмиль, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 11-класс – коло медаль.

Тренери – Осмонов Медербек.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команда 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар