РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ ДОКТОР ФАХАД АЛГНИЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Январь 2024 ж. 19:36

Көрүлдү: 1569

12-январда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Сауд Аравия Королдугунун Королу Абдулазиз атындагы илим жана технология борборунун доктору Фахад Алгниер менен видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин үчүнчү жыйынынын протоколунун пункттарын аткаруу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктап, тиешелүү Меморандумга кол коюу мүмкүндүгү маселесин көтөрүштү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар