МИНИСТР УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН МЕКТЕПТЕРГЕ НАСААТЧЫЛЫГЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Январь 2024 ж. 18:42

Көрүлдү: 672

12-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин орун басары Лира Самыкбаева И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мектептердин үстүнөн университеттердин насаатчылыгы боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын жана өзгөчө макамга ээ жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында министр университеттердин мектептерге насаатчылыгы жалпы билим берүүчү мектептердин потенциалын жогорулатуу, жогорку окуу жайлар менен тыгыз өнөктөштүктө окутуунун натыйжаларын жакшыртуу максатында уюштурулганын белгиледи.

“Учурда академиялык эркиндик алган 5 жогорку окуу жайга мектептер бекитилип берилди. Биздин максатыбыз – эки окуу жайдын кудуретин бириктирүү, аймактагы мектептерде илим жана окутуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, актуалдуу кесиптерге багыт берүү”, - деп белгиледи Догдуркүл Кендирбаева.

Өзгөчө макамдагы ЖОЖдорго бекитилген мектептердин саны:
•    И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине – 10,
•    Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 7,
•    К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине – 7,
•    И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына – 7,
•    Ош мамлекеттик университетине – 7.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар