ДАЙДЖЕСТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Январь 2024 ж. 18:19

Көрүлдү: 538

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңылыктары: апта ичиндеги орчундуулар

post.title

 

  1. 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун экинчи туру 8-январдан 10-январга чейин жүргүзүлдү.
  2. Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданы өткөрүү күндөрү белгиленди.
  3. Педагогикалык билим берүү тармагында реформа жүргүзүү: педагогдун модели жана педагогдун кесиптик стандарты багыттары боюнча милдеттерди аткаруу үчүн билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топ түзүү макулдашылды.
  4. Министр Догдуркүл Кендирбаева Венгрия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы жөнүндө меморандумдун долбоорун, ректорлордун кыргыз-венгер конференциясын уюштуруу маселелерин талкуулады.
  5. Кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды. Документтерди кабыл алуу 23-январь саат 18:00го чейин жүрөт.
  6. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамды ишке ашыруу боюнча эксперттик талкуу өткөрдү. Талкууда сунушталып жаткан реформалар баскычтуу ишке ашырылары айтылды.
  7. Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 28-декабрында “Ислам академиясы” мекемесин түзүү жөнүндө кол койгон Жарлык күчүнө кирди.

8. Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу Токтом күчүнө кирди.

9. Министр Догдуркүл Кендирбаева мектептердин үстүнөн университеттердин насаатчылыгы боюнча жыйын өткөрдү.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар