КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Январь 2024 ж. 17:23

Көрүлдү: 926

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп-гимназиялардын жана мектеп-лицейлердин мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясында 2023-жылдын август айына чейин күчүндө турган Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, билим берүү уюмдарынын тизмеси жок.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесинде билим берүү уюмдарынын тиби түрлөргө бөлүнөрү белгиленген. Билим берүү уюмдарынын түрлөрү жана алардын негизги критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгууда. 

Мында негизинен мектеп-гимназия жана мектеп-лицейлердин билим берүү сапатын жогорулатуу маселесине басым жасалды, анткени, мектептин статусу жана кошумча ийримдердин иши үчүн мугалимдер айлык акысына тийиштүү түрдө 15% жана 20% кошумча акы алат. Жалпысынан республикалык бюджеттин каражатынан мугалимдердин кошумча айлык акысына жыл сайын 1 млрд 13 млн сом бөлүнөт, ошол эле учурда билим сапаты төмөнкү деңгээлде саналган мектептер бар.

Көрсөтүлүп жаткан билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында, Мыйзамга ылайык, мектептердин аккредитациясы жокко чыгарылгандыгын эске алуу менен министрлик тарабынан тиешелүү критерийлер жана мындай мектептердин ишин көз карандысыз баалоо системасы иштелип чыгат. Талаптарга дал келбеген жана окуучулардын жетишүү деңгээли төмөн болгон учурда мектеп-гимназиялар жана мектеп-лицейлер жалпы билим берүүчү мектептер катары кайра түзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар