МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАЙОНДУК/ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Январь 2024 ж. 15:54

Көрүлдү: 1596

11-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн форматта жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында министрдин орун басары “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамды ишке ашыруу боюнча аткарыла турган иштер, 2024-жылы билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүү үчүн жасала турган кадамдар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Муратбек Касымалиев билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына алдыда жасала турган иштер боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришсе болорун белгиледи.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар