ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Январь 2024 ж. 18:27

Көрүлдү: 1591

10-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу педагогикалык багытта билим берген жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору, окутуучулары жана министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында педагогикалык билим берүү тармагында реформа жүргүзүү, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо маселелери каралды.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу бүгүнкү күндө педагогикалык билим берүү системасына болгон мамилени өзгөртүүнүн маанилүүлүгүн айтып, бул багыт терең реформа жасоого муктаж экендигин белгиледи.

Катышуучулар педагогикалык билим берүүнүн модели, ага комплекстүү мамиле, педагогдун кесиптик стандарты, заманбап мугалимдин модели, педагогика багытында билим алып жаткан студенттердин мектептер менен тыгыз аракеттешүүсү, окутуунун усулу (методика) кафедрасын түзүү маселелери боюнча пикирлерин айтып, сунуштарды беришти.

Жыйындын соңунда катышуучулар педагогдун модели жана педагогдун кесиптик стандарты багыттары боюнча милдеттерди аткаруу үчүн билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топту түзүүгө макулдашышты. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар